...
Азия Банкы

Накталай эмес акча которуулар

Тез акча которуулар дагы ыңгайлуу болду

Эми Банк Азиянын бөлүмдөрүндө тез акча которууларды накталай акча албастан эле түздөн-түз картаңызга же эсебиңизге жөнөтүп жана кабыл ала аласыз.

Кантип иштейт

Которууну тариздөөдө банк кызматкерине төмөнкү маалыматты билдирүү жетиштүү:

  1. Которууну жөнөтүүдө каражат кайсы эсептен же картадан алынарын;
  2. Которууну кабыл алууда каражат кайсы эсепке же картага чегерилерин.

Зарыл болгон учурда валютаны конвертациялоо банктын колдонуудагы курсу боюнча автоматтык түрдө жүргүзүлөт.

Жеткиликтүү акча которуу системалары

Акча которуу системасыЖеткиликтүү валюталар
Золотая КоронаRUB, USD
SendyRUB валютасындагы кирүүчү которуулар гана
MoneyGramUSD
Western UnionUSD
БЕСТRUB, USD

Сиз үчүн артыкчылыктар

✓ Тез — которуу дароо картага же эсепке чегерилет.

✓ Ыңгайлуу — накталай акча менен кошумча операцияларды жүргүзүүнүн зарылдыгы жок.

✓ Комфорттуу — бардык операциялар банктын бөлүмүндө бир терезе аркылуу жүргүзүлөт.

✓ Пайдалуу — зарыл болгон учурда валютаны конвертациялоо банктын курсу боюнча автоматтык түрдө жүргүзүлөт.

Банк Азия — күнүмдүк финансылык операцияларыңыз үчүн ыңгайлуу акча которуулар.