...
Азия Банкы

Ош шаарында кардарларды тейлөө боюнча жаңы пункт ачылды

«Банк Азии» ЖАК тейлөө тармагын кеңейтип, кредиттик кызматтарды жана накталай эмес акча которууларды кардарлар үчүн дагы жеткиликтүү кылууда.
Ош шаарында кардарларды тейлөө боюнча жаңы пункт ишин баштады. Ал төмөнкү даректе жайгашкан: Бекмамат Осмонов көчөсү, 10/1, «Жибек-Жолу» базары.
Жаңы пункттан кардарлар банктын кредиттик продуктылары боюнча кеңеш алып, насыя тариздей алышат, ошондой эле накталай эмес акча которууларды жүргүзө алышат.
Эскерте кетсек, бул пункт кредиттик тейлөө жана накталай эмес акча которуулар боюнча гана кызмат көрсөтөт жана эсептешүү-кассалык тейлөө (ЭКТ) кызматтарын көрсөтпөйт.
Сиздерди жаңы даректе күтөбүз!