2024-жылдын 1-октябрынан тартып «Азия Банкынын» Visa Infinite карталарынын ээлери аэропорттордогу бизнес-залдарга кирүү үчүн жаңы DragonPass сервисин пайдалана алышат.
Бул сервис дүйнө жүзү боюнча 1200дөн ашык бизнес-залга кирүү мүмкүнчүлүгүн ачат. DragonPass кызматын колдонуу үчүн Visa Infinite карталарынын ээлери Visa Airport Companion тиркемесинде каттоодон өтүшү керек. Тиркеме App Store жана Play Market дүкөндөрүндө жеткиликтүү. Ошондой эле кирүү мүмкүнчүлүгүн Visa Concierge чат-боту аркылуу да алууга болот.
Маанилүү: 2024-жылдын 1-октябрынан тартып аэропорттордогу бизнес-залдарга кирүү үчүн Visa Infinite картасынын физикалык түрүн көрсөтүү жараксыз болуп калат. Кирүүнүн жалгыз жолу — Visa Airport Companion тиркемеси же Visa Chat Bot аркылуу болот.
Кошумча маалымат алуу үчүн шилтеме аркылуу өтүңүз.
https://cis.visa.com/visa-in-armenia/promotions/airport-lounge-access.html