«Азия Банкы» ЖАКсы аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган Кыргыз Республикасындагы Аял-ишкерлерди каржылоо кодексинин глобалдык демилгесине расмий түрдө кошулду.
Эл аралык программа Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана КР Банктар Союзунун колдоосу менен ишке ашырылууда жана дүйнө жүзү боюнча жүз миңдеген аял ишкерлерди бириктирет.
«Азия Банкы» ЖАКсы үчүн демилгеге катышуу бул тармакта буга чейин ишке ашырылган долбоорлордун логикалык уландысы болуп саналат. Буга чейин Банк социалдык жана гендердик облигацияларды ийгиликтүү жайгаштырган, алардын каражаттары аялдардын бизнесин каржылоого жана колдоого багытталган. Бул программалардын аркасында ондогон аял ишкерлер өз ишин өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн капиталга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Демилгеге кошулуу менен «Азия Банкы» ЖАКсы аялдардын каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, атайын финансылык продуктуларды түзүү, ошондой эле аялдар жетектеген долбоорлорду талдоо жана коштоо боюнча инновациялык ыкмаларды киргизүү боюнча жаңы милдеттенмелерди алат.
Банктын кардарлары үчүн бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат — жеңилдетилген кредиттик шарттардан баштап атайын консультацияларга чейин. Өнөктөштөр үчүн — бул туруктуу өнүгүүнүн эл аралык стандарттарынын жана ESG күн тартибинин алкагында кызматташтыкты бекемдөө.
«Women Entrepreneurs Finance Code Коалициясына кошулуу — бул биздин инклюзивдүү экономиканы курууга жана Кыргызстанда бизнести өнүктүрүп жаткан таланттуу аялдарды колдоого кошкон салымыбыз. Бул демилге «Азия Банкына» болгон ишенимди гана бекемдебестен, өлкөдө аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүүгө күчтүү түрткү берет деп ишенебиз», — деп белгилешти Банктын жетекчилигинде.
«Азия Банкы» ЖАК өлкө боюнча чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, каржылык инклюзияны кеңейтүүгө жана ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган демилгелерди активдүү колдоону улантат.