...
Азия Банкы

ЗАО «Банк Азии» уюштурган балдар сүрөт сынагына кошулуңуздар!

«Банк Азии» Дүйнөлүк Акча Жумалыгына арналган балдар сүрөт сынагын жарыялайт.

Сүрөттөрдүн темалары:
«Менин жыйнаган акчам жана кыялдарым»,
«Менин жыйнаган акчам ишенимдүү коргоодо».

Сынакка кимдер катыша алат?

7–16 жаштагы, Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдар.

Сынактын шарттары:

  1. A4 же A3 форматында сүрөт тартып, аны электрондук түрдө (сүрөткө тартып же сканерлеп) [email protected] дарегине жөнөтүү. Катта баланын аты-жөнү, жашы, жашаган шаары, окуган мектеби, ошондой эле катышуучунун жана ата-энесинин байланыш маалыматы көрсөтүлүшү керек.
  2. Катышуучу сүрөтүн колуна кармап, өз эмгеги тууралуу айтып берген видеону тартуу.
  3. Видеону Instagram социалдык тармагына #gmwkyrgyzstan2024 жана #bankasiakyrgyzstan хэштегдери менен, катышуучунун аты-жөнү, жашы, шаары жана мектебин көрсөтүп жайгаштыруу.
  4. Сүрөттөр төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:
    — креативдүүлүк;
    — темага шайкештиги;
    — видеоролик аркылуу сүрөттү коргой билүү.

Сынактын мөөнөтү:

2024-жылдын 6-мартынан 18-мартына чейин.

Сынакка шарттарга толук жооп берген катышуучулар гана кабыл алынат.

Жеңүүчүлөр 2024-жылдын 25-мартына чейин «Банк Азиинин» расмий сайтына жана социалдык тармактардагы баракчаларына жарыяланат.

Сынак төмөнкү жаш курактык категорияларда өткөрүлөт:
— 7–9 жаш;
— 10–16 жаш.

Жеңүүчүлөр үчүн белектер:

1-орун: шоппер, саат, скетчбук, карандаштар, календарь
2-орун: үстөл сааты, календарь, чочко-банк, кубарик
3-орун: альбом, карандаштар топтому, календарь, чочко-банк