Урматтуу кардарлар!
Asia Online мобилдик банкингинде жаңы сервис ишке киргизилди — жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдарды текшерүү.
Эми сиз:
– кол менен жазылган жана «Коопсуз шаар» системасынын алкагында жазылган айып пулдардын бар экендигин текшере аласыз;
– кошумча маалыматтарды киргизүүнүн зарылдыгы жок эле, өзүңүздүн айып пулуңуз боюнча актуалдуу маалыматты ала аласыз;
– ошондой эле айып пулдарды тиркемеде бир нече чыкылдатуу менен дароо төлөй аласыз. Кызматты колдонуу:
Мобилдик банк → Төлөмдөр → Мамлекеттик кызматтар → Төлөм — Айып пулдарды текшерүү жана төлөө
Жаңы мүмкүнчүлүктөр сиздин убактыңызды үнөмдөөгө жана айып пулдарды текшерүү жана төлөө процессин мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана тез кылууга мүмкүндүк берет.