• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Азия банкы» ЖАК 1,2 млн. KGS чейин уставдык капиталды көбөйтөт

01 апрель, 2024-жыл

«Азия банкы» ЖАК 200 млн. KGS өзүнүн уставдык капиталык көбөйтөт. Бул жөнүндө ведомствонун билдирүүсүндө айтылды. Капиталды көбөйтүү чечими акционерлер тарабынан 2024-жылдын 15-мартында өткөн жылдык жалпы чогулушта кабыл алынган. Ошентип, «Азия банкы» ЖАК уставдык капиталы 1,2 млрд. KGS түзөт. Белгилегендей, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча банктын таза кирешеси 405 млн. KGS, банктын активдери 9,946 млн. KGS түзгөн.

------------------------------------

Банк жөнүндө: «Азия банкы» ЖАК 1998-жылы 17-ноябрда түзүлгөн жана Кыргызстандагы ири банктардын бири болуп саналат. Банк ири кореялык “САС” компаниясынын 100% капиталы менен түзүлгөн. Банк 25 жылдан бери калктын финансылык муктаждыктарын ийгиликтүү канааттандырып, кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин, анын ичинде насыялоо, депозиттерди ачуу, эсептик-кассалык тейлөө жана акча которууларды көрсөтүүдө. Өлкө боюнча 30 кеңседен турган тармактар кардарлар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүү болушун камсыздайт. Учурда банктын насыя куржуну 5,2 млрд. KGS ашык түзөт, бул банктын өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы дегенди туюндурат.

Банк социалдык демилгелерди, өзгөчө билим берүү жана спорт тармагындагы, ошондой эле аялдардын ишкердигин колдоого багытталган демилгелерди активдүү колдойт. Тактап айтканда, 2022-жылы «Азия банкы» БУУ Аялдар, "GFC", "КФБ" жана "Сенти" сыяктуу өнөктөштөр менен биргеликте Кыргызстанда биринчи гендердик облигацияларды чыгарды, муну менен социалдык жоопкерчилик жана туруктуу өнүктүрүү принциптерине берилгендигин көрсөттү.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию