• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Азия банкы»: Прогресстин жана ишенимдин 25 жылы

Бүгүн «Азия банкы» ЖАК 25 жылдык мааракесин майрамдоодо! Бул бир гана салтанаттын шылтоосу эмес, бул биздин ийгиликке болгон жолубузга кылчайып кароо мүмкүнчүлүгү. Банк гана болбостон, биздин философиябыздын борбору болуп саналган ишенимдин, инновациялардын жана социалдык жоопкерчиликтин да жери боло алдык. Биздин банк жөнүндө 25 фактыны ачуу менен бирге кызыктуу окуяларга бай саякатыбызга кошулуңуздар!

1.            Жолубуздун башталышы: 1998-жылы биз Азия банкы ишибизди 100% чет өлкөлүк капитал менен баштаганбыз, ошол мезгилде Кыргызстандагы эң ири банктардын бири боло алдык.

2.           Экономикалык чөйрөдөгү лидерлик: 2007-жылы «Азия банкы» Бишкектеги Эркин экономикалык зонанын жалгыз оператору болгон.

3. Регионалдык таасир: 2008-жылы биз 10 алдыңкы банктардын арасына кошулдук, ошону менен бирге регионалдык деңгээлде кеңселер тармактарын кеңейттик жана Балыкчы шаарында биринчи регионалдык филиалды ачтык.

4. Кызматкерлер эволюциясы жана тармактар: 2005-жылдан 2010-жылга чейин 10 жыл ичинде биз кызматкерлерибиздин санын он эсе көбөйттүк жана кеңселер тармагын 1ден 45ке чейин кеңейттик. Бул мезгил кирешелердин жана пайдалардын туруктуулугу менен мүнөздөлгөн, бул бизди финансы рыногундагы эң башкы катышуучулардын бири кыла алды.

6.            Келечекке болгон салым: 2009-жылы «Азия банкы» биринчи жолу баалуу кагаздарга - «Абдыш-Ата» ЖЧК облигацияларына салым кошту, муну менен ал активдерди башкаруунун жаңы этабы боло алды.

7.            Почта менен иштешүү: 2009-жылдан баштап «Кыргыз Почтасы» менен кызматташып баштадык, акча которууларды ушул тармак менен жүргүзүп, агенттик тармактагы иш тажрыйбабызды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк болду.

8.            Миллиарддар аркылуу өтүү: 2012-жылы банктын активдери 1 миллиард сомдон ашып түштү, бул туруктуу өсүүнү жана финансылдык ишенимдүүлүктү чагылдырат.

9.            Глобалдык кызматташтык: 2013-жылдын 9-майында Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен Сооданы каржылоо программасы боюнча макулдашууга кол коюу менен белгилүү болду.

10. Спорттук бийиктиктер: Биздин банк командабыз — финансыда эле эмес, спорттун да катышуучуларыз. 2013-жылы «Азия банкы» банктар аралык Футболдук турнирде футбол, волейбол, стол тенниси жана шахмат боюнча чемпион боло алды – биз булардын баарына ийгиликтүү катышуудабыз

11.         Глобалдык кадамдар: 2013-жылдан бери ЕРӨБменен чакан жана орто бизнес жаатында кызматташуу башталды, бул эл аралык уюмдар жана фонддор менен активдүү өз ара аракеттенүүгө жол ачты.

12. 2 миллиард чегинен ашуу: 2015-жылы биздин банктын активдери 2 миллиард сомдук чектен, ал эми кызматкерлер 300 адамдан ашты.

13.          Иш берүүчү катары таанылуу: 2017-жылы «Азия банкы» персоналды башкаруунун үлгүлүү көрсөткүчү үчүн сыйлыкка ээ болуу менен «Мыкты иш берүүчү» жана «Жылдын HR Brandи» номинациялары менен өзгөчөлөндү.

14.          Атаандаштык артыкчылык катары тейлөө: 2017-жылы биз «Тейлөө стратегиясын» иштеп чыктык, мунун алкагында аны «Киев 192» флагман кеңсебизди ишке киргиздик. Бүгүнкү күндө биздин кызмат көрсөтүүлөрүбүздүн сапаты банк системасындагы эң мыктылардын бири болуп саналат.

15. КРУБнын медалы: 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы «Азия банкы» ЖАКтын Директорлор кеңешинин төрагасы Н.Т.Бейшеналиевди мыкты кызматташуусу үчүн медаль менен сыйлады.

16           БПБдан алган сыйлыктар: 2017-2018-жылдары Элкарт системасындагы ийгиликтүү иштерибиз үчүн Эл аралык банктар процессинг борборунан (БПБ) эки сыйлык ыйгарылды.

17.          3 миллиардга чейин өсүү: 2018-жылы «Азия банкы» ЖАК 600 млн сомдон ашып, насыялык портфели 1,7 миллиард сомду түздү, активдер 3 миллиард сомго жетти, кызматкерлердин саны 450 адамдан ашты.

18.          VISA Inc.2018 алган сыйлык: «Азия банкы» ЖАКы "Driving Cashless Together 2021" номинациясынын жеңүүчүсү жана VISA Inc компаниясынан атайын сыйлыгына ээ болду.

19.          Мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейиши: 2019-жылы биз баалуу металлдар менен иштөө лицензиясын алдык.

20.          Глобалдык интеграция: 2021-жылы«Азия банкы» биринчилерден болуп Россия Федерациясынын Борбордук банкынан Финансылык билдирүүлөрдү берүү системасына кирген Борбордук Азиядагы коммерциялык банктардын бири болду.

21. Гендердик облигациялар: 2022-жылы «Азия банкы» өнөктөштөрү менен: «БУУ Аялдар», «GFC», «КФБ», «Сенти» менен бирге Кыргызстандагы биринчи гендердик облигацияларды чыгарды, бул жөнүндө макала «Time - Women of the Year» атайын чыгарылышында жарыяланган.

22. Рекорддук пайда жана уставдык капиталды көбөйтүү: 2022-жылы «Азия банкы» мурунку жылдарды ашып түшүп, 700 миллион сомдук тарыхый пайдага жетип, рекорд койду. Ошондой эле капиталдын натыйжалуулугунун таасири— 94%, ал эми капиталдын өзүнүн рекорддук көрсөткүчтү – 1 миллиард сомду түздү.

23.          Cbonds Awards CIS – 2023 сыйлыгы: 2023-жылы биздин банк «Кыргызстандагы биринчи жайгаштыруунун мыкты бүтүмү» категориясындагы Cbonds Awards CIS сыйлыгына татыды.

24.          ESG-трансформация: 2023-жылдагы чечкиндүү кадам—ESG-трансформацияны киргизүү, анын ичинде корпоративдик башкаруунун принциптери жана стандарттары.

25.  Санариптик ийгилик: Насыялык башкаруу жаңы «Бөлүп төлөө аркылуу товар» онлайн продуктусунун жардамы менен 285 миллион сом суммасына 9000 ашуун насыя берүүдө.

Мааракени биз 500 кызматкер, 5 миллиарддык насыялык портфель жана 10 миллиарддык өлчөмдөгү активдер менен тосуп алдык.

Бизге ишенгендиги үчүн кардарларыбызга, кызматкерлерибизге ыраазычылык билдиребиз. Кийинки 25 жылда жаңы чакырыктарга жана өнөктөштүккө даярбыз. Кызматташууңуз жана ишеним көрсөткөнүңүз үчүн чоң рахмат!


-->
Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию