Абайлагыла, алдамчылар!
Социалдык тармактарда лотореяларга жана оюндарга катышууга чакырыктар көбөйүп жатат. Айрыкча алар биздин банктын атынан келсе, мындай айла-амалдарга алдырбоону суранабыз.
Буга байланыштуу, “Азия банкы” ЖАК эч кандай лотореяларды жана оюндарды өткөрбөгөндүгүн жана мындай акцияларга катышпагандыгын билдирет.
Эгер сиз биздин банктын атынан өткөрүлүүчү акциялар жөнүндө жарыяларды же билдирүүлөрдү алсаңыз, тез арада бизге билдирүүңүздү өтүнөбүз.
Урматтуу кардарлар, маалыматтын расмий булактарына гана ишениңиз жана жеринде банктын кызматкерлерине түздөн-түз кайрылыңыз.