Маанилүү маалымат!
Азия банкы 5-апрелден тартып Кыргыз Республикасынын аймагында “Мир” төлөм системасы менен кызматташуусун токтоткондугу тууралуу билдирет. Бул чечим Россия Федерациясынын “Мир” төлөм системасынын оператору, “НСПК” АК карата АКШнын Финансы министрлигинин киргизген санцияларына байланыштуу.
Ушуга байланыштуу төмөнкү чектөөлөр орнотулду:
КР аймагында “Мир” төлөм системасынын карталарын тейлөө токтотулду;
“Мир” ТС тармагындагы ЭЛКАРТ NFC карталарын тейлөө “Мир” тармагында РФ же КМШ өлкөлөрүндө колдонулган карталар үчүн токтотулган;
“Мир” ТС картасынан ЭЛКАРТ картасына, ошондой эле ЭЛКАРТ картасынан “Мир” ТС картасына которуулар да токтотулду.
ЭЛКАРТ карталары менен КМШ өлкөлөрүнө сапарларды пландаштырууда жана мындай карталарга которуулар мурдатан келип түшкөн учуруларда бул маалыматты эске алыңыз.