• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Азия банкы» - GMWда

05 апрель, 2024-жыл

Азия банкы 18-марттан 24-мартка чейин өткөн Дүйнөлүк акча жумалыгына активдүү катышып, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштурду. Негизги демилгелердин бири болуп борбор шаардык эки мектепте - № 13 ГМ жана Индиго Kids мектебинин 5-9-класстарынын окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча тренингдерди өткөрүү болду.

Тренингдерде банктын кызматкерлери балдардын акча сактоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурууга багытталган кызыктуу викториналар өткөрүлдү. Мындан тышкары, социалдык тармактардагы банктын расмий баракчаларында балдар сүрөттөрүнүн конкурсу уюштурулду, анда 7 жаштан 16 жашка чейинки балдар активдүү катышты. Катышуучулар сүрөттөрүн тартып, аларды видеоформатта таланттарын көрсөтүп, финансылык маселелерге карата өз көз караштарын билдиришти.

Мындан тышкары «Азия банкы» Кыргыз экономикалык университети (КЭУ) тарабынан уюштурулган тегерек столго катышты, ал жерде акчанын накталай жана накталай эмес жүгүртүү системасынын инновациялары жана перспективалары талкууланды. 

Бул активдүүлүктөр балдар эрте жаштан баштап акчага туура жана финансылык башкаруу маселелеринде жоопкерчиликтүү мамиле кылганды үйрөнүүсү үчүн уюштурулду.

Маалымдама: Дүйнөлүк акча жумалыгы – жаштар арасында финансылык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган дүйнөнүн 170тен ашык өлкөсүн камтыган жыл сайын өтүлүүчү кампания.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию