...
Азия Банкы

Кыргызстанда жашыл каржылоо идеялардан реалдуу долбоорлорго өтүүдө

«Азия Банкы» ЖАК туруктуу каржылоону өнүктүрүү багытындагы ишин улантууда. 2026-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасындагы ММЧКлар үчүн «Туруктуу каржы рыногун өнүктүрүү» долбоору боюнча Дүйнөлүк банктын Миссиясынын алкагында жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга Дүйнөлүк банктын, Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC), Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын (AIIB), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун негизги темалары:

✔️ долбоорду ишке ашыруу жана тартылган каражаттарды өздөштүрүү;
✔️ бизнестин жашыл каржылоого болгон суроо-талабы;
✔️ жашыл кредиттөөнүн учурдагы жыйынтыктары жана көлөмдөрү;
✔️ кредит портфелиндеги жашыл кредиттөөнүн болжолдуу үлүшү;
✔️ туруктуу каржылоону кеңейтүүнүн келечеги;
✔️ ESG ыкмаларын жана Жашыл таксономияны колдонуу;
✔️ рынокту мындан ары өнүктүрүүдөгү негизги чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр.

Эл аралык өнөктөштүк финансылык ресурстарды тартууга гана эмес, туруктуу каржылоо жаатында жаңы инструменттерди, компетенцияларды жана ыкмаларды өнүктүрүүгө да мүмкүнчүлүк берет.

Кийинки кадам — масштабдоо: жеткиликтүү ресурстарды көбөйтүү, жашыл долбоорлордун санын арттыруу жана бизнес үчүн заманбап жана натыйжалуу технологияларга өтүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

«Азия Банкы» ЖАК — Кыргызстанда ESG күн тартибин биргеликте өнүктүрүп, туруктуу каржылоонун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтебиз