Эгерде биз үчүн театр кийим илгичтен башталса, анда финансы дүйнөсү банктык эсеп ачуудан башталат.
Санариптештирүү доорунда акчаны матрастын астына сактоонун эски ыкмалары иштебейт жана алардан эч кандай өсүш күтпөсөк болот. Анын үстүнө, бул акча менен иштөөнүн коопсуз жолу эмес. Банктагы эсеп башка кеп: ал сиздин капиталыңызды сактоо менен сейфтин функциясын аткарат, ал тургай калдыкка чегерүүлөрдүн аркасында көбөйтүшү мүмкүн, ошондой эле заманбап адамга өтө зарыл болгон көптөгөн кызматтарга жеткиликтүүлүктү берет.
Биздин заманда банктык эсеп ачуу көптөгөн операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, анын ичинде онлайн төлөмдөрдүн бардык түрлөрү (сатып алуулардан салыктарга жана айыптарга чейин), чет өлкөгө акча которуулар, үчүнчү жактар менен эсептешүүлөр, топтоо, толуктоо, накталай акча алуу. Мунун баары мүмкүн гана эмес, ошондой эле жасоого ыңгайлуу.
«Азия Банкында» сомдон тышкары ар кандай валютада эсеп ачууга болот: доллар, евро, рубль жана теңге. Жеке жактар үчүн ачуу акысыз, ал эми тейлөөгө бир да сом алынбайт (бирок эсеп иштеп, жабылбашы үчүн, зарыл шарттар бар). Эсиңизде болсун, бул эсеп ачуу жана тейлөө гана акысыз, ал эми эсеп боюнча бардык операциялар тарифтерге ылайык белгилүү бир комиссия менен жүргүзүлөт. Эсептешүү эсебин каалаган валютада (бардык тизмеленгендердин ичинен) банктын каалаган кеңсесинен ачууга болот, алар өлкө боюнча – 20.
Айтмакчы, эгер сиз банктын кардары болсоңуз, эсепти үйдөн чыкпай эле, аралыктан ачсаңыз болот. Ал эми сиз азырынча «Азия Банкынын» кардары болбосоңуз, бирок биз менен кызматташуунун артыкчылыктарын сынап көргүңүз келсе, анда сизге Asia online мобилдик тиркемеси жардамга келет, аны жөн гана жүктөп алып, идентификациядан өтсөңүз, андан кийин сизге автоматтык түрдө улуттук валютада эсеп ачылат. Мында сиз 200 миң сомго чейинки сумма менен иштей аласыз (алуу, сактоо же каалаган операцияларды жүргүзүү, эң негизгиси эсептеги сумма көрсөтүлгөн цифрадан ашпашы керек). Эгерде сиз кеңири лимиттерди кааласаңыз, банктын кеңсесине келиңиз.
Мындай эсептер акчанын коопсуздугунан чочулабоого мүмкүндүк берет жана андан тышкары, сиз каалаган убакта комиссиясыз эле ошол акчаны ала аласыз. Эгерде сиз дагы киреше алгыңыз келсе, анда тиркемеден тиешелүү депозитке буйрутма берсеңиз болот.
Сиз салттуу эсептешүү-кассалык тейлөөнү колдонсоңуз болот, биз сизди кеңсебизде көргөнүбүзгө кубанычта болобуз.
«Азия Банкында» тейленүү менен сиз каражаттарыңыздын ачык-айкындуулугуна жана корголушуна, албетте, талаптарыңыздын ыкчам аткарылышына кепилдик аласыз.