Азия Банкы ЖАК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” программасынын катышуучусу болду
«Азия Банкы» ЖАКтын Башкаруусунун Төрагасы Алдаяров Н. Н. жана Мамлекеттик ипотека компаниянын (МИК) Башкаруусунун Төрагасы Шамкеев Б. А. кызматташуу тууралуу Генералдык Макулдашууга кол коюшту.
“Жеткиликтүү турак жай” мамлекеттик программасынын алкагында "Азия Банкы" ЖАК баштапкы төгүмдүн суммасына карата жылдык 12ден 14%га чейин чени боюнча мамлекеттик кызматчыларга ипотека насыяларын берет.
“Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” программасынын шарттары менен МИКтин сайтынан шилтеме боюнча, ошондой эле МИКтин тынымсыз телефону боюнча таанышсаңыз болот: 0 (312) 62-14-34.