"Банк Азии" Design Cup чемпионатын колдоду
13-октябрда «Асанбай борборунда» Design Cup көргөзмөсүнүн жабылышы болуп өттү жана жеңүүчүлөр түрдүү номинацияларда сыйланды.
Design Cup – бул 10 жыл бою өткөрүлүп келе жаткан дизайнерлердин эл аралык виртуалдуу мелдеши. «Азия банкы» турнирдин туруктуу өнөктөшү болуп саналат.
Ушул жылы банктын «Окурман өлкө» долбоорунун алкагында атайын адабий раунду жарыяланган. Design Cup катышуучулары өз иштерин сүйүктүү чыгармасына арнашты. Креативдүү дизайнерлердин иши банктын «Китеп» арт-объектисине киргизилип, ошондой эле «Асанбай» борборунда көргөзмөгө коюлду.
Бул арт-объекти эки метр китеп түрүндөгү көркөм инсталляция болуп саналат. Бул «Алиса керемет өлкөсүндө» (тышынын дизайнери: Оскар Усеналиев), «Деңиз бөрүсү» (тышынын дизайнери: Акыл Садыков), «Жунгли китеби» (тышынын дизайнери: Артем Ковшенин), «Тарас Бульба» (тышынын дизайнери: Дастан Темирканов) жана «Бул жөнүндө» (тышынын дизайнери: Марина Соломко) ж.б. сүйүктүү китептердин тышына карата дизайнерлердин автордук интерпретациясы. Ушул инсталляция банктын көркөм адабиятты окууга үгүттөгөн социалдык багытын туюндуруп, бардык каалоочулар үчүн өзүнчө фотозона болуп саналат.
Эске салабыз, «Окурман өлкө» долбоору - банкты өнүктүрүүнүн социалдык багыттарынын бири. Түрдүү иш-чаралар, көңүл кош эмес жарандар менен биргеликте коомду бириктирген, «Окурман Кыргызстан» аталышында билимдүү өлкөгө алып келген баалуулуктарды жаратуу иши пландаштырылып жатат.
Долбоордун негизги максаты - окурмандык маданиятты өркүндөтүү, өсүп келе жаткан муунду китеп окууга көнүктүрүү, калктын сабаттуулугун жогорулатуу жана социалдык тарамдардын темасына кызыгууну азайтуу, андан тышкары окуу, кесиптик жана көркөм адабиятты окууга чыныгы кызыгууну жаратуу.