«Банк Азии» KitepFest-2018 катышты
10-ноябрда KitepFest-2018 кызыктуу адабий иш-чара өткөрүлүп, «Банк Азии» өнөктөш катары катышты.
«Окурман өлкө» долбоорунун алкагында биз «Китеп» инсталляциясынын бет ачарын өткөрдүк, ошондой эле Антуана де Сент-Экзюперинин «Кичинекей ханзаада» чыгармасы боюнча интерактив өткөрдүк, жыйынтыгы боюнча белектерди, тагыраак айтканда, шаардын китеп дүкөндөрүнүн биринен китептерди сатып алууга сертификаттар тапшырылды.
KitepFest-2018 башкы максаты болуп балдарды китеп окууга кызыктыруу саналат, ал эми биз бул демилгени колдойбуз. Адабиятты окугула, эң башкысы, туура жана пайдалуу китепти тандагыла, биз ошондо окурман өлкөгө айланабыз!
Андан тышкары биз китеп чогултууну улантабыз! Сиздер өзүңүздөрдүн китептерди биздин банктын каалаган филиалына алып келсеңиздер болот, биз аларды Кыргызстандын муктаж мектептерине жана китепканаларына өткөрүп беребиз.