"Азия Банкы" “Инфо-Система” мамлекеттик ишканасы менен келишимге кол койду
Урматтуу кардарлар!
Сиздерге жагымдуу жаңылыгыбызды кабарлоого ашыгып турабыз.
Кардарларыбызга мүмкүн болушунча кызматтардын кеңири түрүн сунуштоого умтулуп келебиз.
Андыктан, биздин өндүрүмдөрдүн сапатын арттыруунун аракетиндебиз.
2019-жылдын 12-февралында мамлекеттик бюджеттин пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча биздин банк менен КР Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин алдындагы “Инфо-Система” мамлекеттик ишканасы келишим түзүштү.
Мындан ары накталай акча менен мамлекеттик төгүмдөрдү биздин банктын төлөм (Cash-In) терминалдары аркылуу, ошондой эле “Элкарт Мобайл” мобилдик тиркемесинен Элкарт картаңыздын жардамы менен нак акчасыз ыкмасы боюнча да төлөй аласыз.