• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

"Азия Банкы" каржылык сабаттуулук боюнча “Финзнайка” оюнун өткөрдү

17 апрель, 2019-жыл

14 апрелде, Дүйнөлүк акча апталыгынын соңку күнү Борбор Азиядагы Америкалык университетте (БААУ) каржылык сабаттуулук боюнча "ФинЗнайка" оюну өткөрүлдү. Бул иш-чара "Азия Банкы" ЖАК, "Сенти" КК жана БААУ тарабынан уюштурулуп, ал эми башкы демөөрчү IFC эл аралык уюму болду.

Аталган оюнга борбор калаадагы мектептерден жүздөн ашуун бала жана алардын ата-энелери катышты. Уюштуруучулар акча топтоо жана банк карталары туурасында балдарга жана чоңдорго тренинг өткөрүштү. Тренингдин негизинде окуучулар каржылык сабаттуулук боюнча оюнга катышышты. Анын аягындагы салтанатта оюндун жеңүүчүлөрү жана эң активдүү катышуучулар сыйланды.

Балдар мындай тарбиялык оюнга катышкандыктарына жетине албай турушту, анткени, оюн менен алар тренингде үйрөнгөндөрүн бекемдеп, азыркы убактагы көп пайдалуу жана актуалдуу нерселерди үйрөнүштү.

«Азия Банкы» жаш жеткинчектердин каржылык сабаттуулук өңдүү мындай маанилүү аспектиге кызыгуусу бар экендигине кубанат, каржылык сабаттуулукту жогорулатууга жоопкерчилик алганына сыймыктанат, иш-чара балдар, алардын ата-энелери үчүн да жемиштүү өткөндүгүнө үмүттөнөт.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию