“Азия Банкы” Алгачкы балдар хосписине көмөк көрсөттү
"Азия Банкы" кайрымдуулук гольф мелдешин өткөрүү демилгесин колдоо менен Биринчи балдар хосписине акчалай жардам берди. Аталган турнир 5-май күнү Кара-Жыгач айылындагы “Кленовый лист” гольф клубунда өттү. Бул иш-чаранын алкагында хоспистин кызматкерлери онкологиялык дартка чалдыккан балдарга жардам топтоону уюштурган.
Кайрымдуулук мелдешине дасыккан да, эрмек катары гана көргөн оюнчулар дакатышышты. Гольфко кызыккандардын баары ачык асман алдында бул оюндан ырахаталуу менен бирге соопчулук да кылышты. Турнирге катышуудан түшкөн акчалай каражат ошол эле күнү хоспистин эсебине которулду.
Банктын кызматкерлери мелдештин жүрүшүндө дубалча жайгаштырып, бардык каалоочулар андан “Жардамдашуу жеңил” социалдык кобрендинг картасын сатып алышты. Бул “Азия Банкынын” нагыз социалдык долбоору. Бул картаны сатып алуудан түшкөн 50 сом, комиссиядан 30% “Жардамдашуу жеңил” коомдук фондуна чегерилет. Банк бул карталардан пайда таппайт, болгону онкологиялык кеселден жапачеккен балдарды колдоо үчүн фондго көмөк көрсөтөт.
"Азия Банкы" мындай маанилүү оюнду өткөргөн гольф клубунун жетекчилигине ыраазычылык билдирип, ушундай кайрымдуулук иш-чаралары мындан ары да салтка айланарына үмүт артат.