“Китеп топтоо” акциясынын жыйынтыктары
“Азия Банкынын” кызматкерлери 3-июнь күнү Чүй мектеп-интернатына #китеп окуган өлкө долбоорунун алкагындагы “Китеп топтоо” акциясы аркылуу чогултулган китептерди тапшырды.
Былтыр сентябрь айында китеп чогултуу боюнча аталган акцияны баштаганбыз. Ага кызыккан бардык адамдар банкыбыздын 24 бөлүмүнүн бирине баш багып, китептерин бере алмак.
Сиздердин көмөгүңүздөр менен, урматтуу биздин кайдыгер эмес кардарлар, биз 200 китеп (окуу жана көркөм адабият) чогултуп, Чүй облусундагы мектептердин бирине тапшырдык. Калктын сабаттуу келечегине кайдыгер карабаган бардык замандаштарыбыздын колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз! Сиздер менен биргеликте биз көздөгөн максатыбызга жетип, китеп окуган Кыргызстан атыга алабыз!
Кошумча маалымат:
#китепокуганөлкө – банктын социалдык багыттарынын бири.
Өлкөдө билим берүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө үндөө, улуулар арасында китеп окуу маданиятын жогорулатуу, өсүп келе жаткан муунду китепке ынак кылган, калктын сабаттуулугун жогорулатууга салым кошуу, социалдык медиа багытындагы дүрбөлөңдү басаңдатуу, ошондой эле окуу, кесиптик жана көркөм адабиятты барактоого чындап кызыктырууга багытталган концепция.
“Китеп топтоо” акциясы тууралуу бул жерден окуй аласыздар.