«Жалал-Абад» филиалынын командасы «Биздин медиктер үчүн даамду тамактар» акциясын өткөрүштү.
«Жалал-Абад» филиалы, кызматкерлердин демилгеси менен «Биздин мекдиктер үчүн даамдуу тамак» акциясын өткөрүштү. Банктын командасы тамшандырган тамактарды, таттууларды жана суусундуктарды даярдап, дарыгерлерди колдоого алды, ошоной эле алардын талыкпаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.
Дарыгерлер, фельдшерлер, медайымдар, санитарлар – кылдын учунда турган адам өмүрү үчүн жооптуу учурдун каармандары. Ушундай кыйын кырдаалда алар бизге жакшылык, камкордук жана өмүр тартуулоого жан дили менен аракет кылышты. Өмүр сакчыларына таазим!
Медиктерге ак дилибизден алкышыбызды айтабыз жана «Жалал-Абад» филиалындагы коллегаларга ыраазычылык билдиребиз. Өзүңөрдү жана жакындарыңарды сактагыла.