Эмгек күнү!
Тынчтык! Эмгек! Май!
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Баарыӊыздарды Эмгек жана Тынчтык майрамы менен чын дилимден куттуктайм!
Биринчи Май – баарыбыз эңсеп күткөн, жан-дүйнөбүздү эргиткен, нукура элдик майрам. Тынчтыктын, Жаздын, Эмгектин символу катары бул күн муундан муунга жүрөккө сакталып келатат. Чынында эле Тынчтык менен Эмгек – ар бир адам жашоосунда таяна турган кош дөөлөт.
Майрамыңыздар менен!