Айт маарек болсун!
Урматтуу кыргызстандыктар, сиздерди ыйык Орозо айынын аякташы жана Орозо Айт майрамы менен куттуктайбыз!
Айт маарек болсун! Орозо кармагандардын орозосу кабыл болсун!
Орозо тутуу – бул тазаланууга, кең пейилдикке, кечиримдүүлүккө жана боорукерликке умтулууну билдирет. Миңдеген жылдар бою орозо айында элибиз келечекке ниет кылып, Жараткандан жерибиздеги тынчтыкты, элибиздеги ынтымакты тилек кылган. Сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат турмуш каалайбыз. Ой-кыялдарыңыз орундалып, жакшы иштериңиздерге Жараткан жар болсун, үй-бүлөңүздө жылуулук, кубаныч жана жайлуулук байырласын.
Майрамыңыздар менен!