• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

“Азия Банкы” ЖАК аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча панелдик сессияга катышты

02 ноябрь, 2022-жыл

 «Азия Банкы» ЖАКы «Демилгелүү айымдар» аялдардын ишкердигин өнүктүрүү коалициясы өткөргөн панелдик сессияга катышты, анда Кыргызстандагы ишкер аялдардын финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча аялдардын бизнес-коомчулугунун жана финансы-кредиттик маселелери талкууланды.

Катышуучулар өзүлөрүнүн продуктыларын жана аялдардын ишкердигин колдоо боюнча финансы-кредит мекемелеринин мамилелерин көрсөтүштү, ошондой эле Коалициянын ишкердиги, анын ичинде финансылык ресурстарга жетүү жагынан аялдардын бизнес-коомчулугунун айрым артыкчылыктары менен таанышышты.

 «Азия Банкы» ЖАКынын Башкармалыгынын Төрагасы Атакишиева Земфира Акишовна Гендердик облигацияларды чыгаруу долбоору менен тааныштырды. Бул долбоордун алкагында ишкер аялдар жеңилдетилген насыяларды ала алышат, ошондой эле Кыргыз фондулук биржасынан гендердик облигацияларды сатып алуу менен жоопкерчиликтүү инвестор катары чыга алышат. Гендердик облигацияларды чыгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасында ESG облигацияларынын рыногун өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет, ошол эле учурда ESG облигацияларын чыгарган биринчи Банк болуп, ошону менен өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат. Андан тышкары, Банк катышуучуларды жеңилдетилген насыя продукттары менен тааныштырып, эки компания менен макулдашууга кол койду.

 ЭКСПО-2022 Аялдардын ишкердигинин көргөзмөсүнүн алкагында ишкер аялдар үчүн финансылык ресурстарга жетүү боюнча панелдик сессия болуп өттү, анын максаты аялдардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу болуп саналат.

Маалымат үчүн:  Коалиция “Борбордук Азиядагы аялдардын ишкердигинин чакырылышы: Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан” аймактык программасынын алкагында түзүлгөн. Программа аялдарды бизнесте колдоого жана алардын экономикалык ишмердүүлүккө катышуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга комплекстүү мамиле жасагандыгы менен аймактагы уникалдуу болуп саналат.  Программанын алкагында Коалиция Кыргызстандагы аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча улуттук күн тартибин иштеп чыгууда. Коалиция аялдардын экономикалык турмушка бирдей катышуусуна социалдык, мыйзамдык жана башка тоскоолдуктарды карап чыгат жана жок кылат, өкмөткө саясий сунуштарды киргизет жана мамлекет менен жеке сектордун ортосундагы диалогду түзөт, ошондой эле экономикада ишкер аялдардын маанилүү ролу тууралуу идеясын сунуштайт.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию