...
Азия Банкы

Көңүл буруңуздар! Май майрам күндөрүндөгү жеткиликтүү кызматтар жана маанилүү чектөөлөр

Урматтуу кардарлар,
«Азия Банкы» ЖАК май майрам күндөрү учурундагы маанилүү чектөөлөр жана жеткиликтүү кызматтар тууралуу маалымдайт:

  1. Эл аралык которуулар (SWIFT, Гросс, Клиринг) — 11-майга чейин жеткиликтүү болбойт.
  2. Кредиттерди төлөө:
    — Төлөмдөр мобилдик тиркеме жана терминалдар аркылуу кабыл алынат, бирок кредиттин чыныгы жабылышы 11-майда чагылдырылат.
    — 1–10-май аралыгындагы бардык төлөө мөөнөттөрү автоматтык түрдө 11-майга жылдырылат.
    — Маанилүү: эгер 11-майда төлөм жүргүзүлбөсө, график боюнча баштапкы күндөн тартып кечиктирүү, пайыздар жана айыптар эсептелет.
    — Кредитти төлөө төмөнкү каналдар аркылуу жеткиликтүү:
    • Asia Online тиркемеси,
    • интернет-банкинг,
    • «ОНОЙ» терминалдары,
    • QuickPay,
    • UniPay,
    • электрондук капчыктар жана өнөктөштөрдүн тиркемелери: Элкарт Мобайл, О!Деньги, MegaPay, Бакай24, Компаньон, KICB, Оптима 24,
    • МБанк тиркемеси (кредиттик келишим боюнча QR-код бар болсо)
  3. Онлайн кредиттөө:
    — Эгер арыз белгиленген мөөнөттө иштелбесе, автоматтык түрдө четке кагылат.
  4. Мобилдик банкинг:
    — Онлайн кредит арыздары жеткиликтүү болот.
  5. Бөлүмдөрдөгү операциялар:
    — Кредит төлөө — иштеп жаткан пункттарда жеткиликтүү.
    — Тез которуулар — чектөөсүз.
    — Эл аралык которуулар (SWIFT, Гросс, Клиринг) — 11-майга чейин жеткиликтүү эмес.
    — Наак акча алуу жана толуктоо — стандарттык режимде.
    — Депозиттер (ачуу/жабуу) — жеткиликтүү.
    — Валюта алмаштыруу — иштейт, бирок жеке курссуз.