• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Тармактык жабдууларды сатып алуу боюнча тендер

01 ноябрь, 2023-жыл

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Сиздердин назарыңыздарга тармактык жабдууларды сатып алуу боюнча тендерге катышууга чакыруу сунуштайбыз.

 

Жалпы маалымат

«Азия Банкы» ЖАК Сиздин компанияңызды программалык камсыздоону сатып алуу боюнча тендерге катышууга чакырат

Себилдөөчү буюмдардын спецификациясы № 1 тиркемеде көрсөтүлөт.

 

Тендердин шарттары жана өз ара аракеттенүү тартиби

Тендер эки баскычтан турат деп болжолдонууда.

1-баскычта - ушул чакыруунун шилтемелерин, тендерге катышуу ниетин жазуу жүзүндөгү ырастоолорду чогултууну, жеткирүүчү-компаниялардын сунуштарынын баштапкы талдоолорун жана сунушка карата жазуу жүзүндөгү пикирлерди топтоолор, нарктык маалыматты жана жүзөгө ашырылуучу иштердин болжолдонгон мөөнөтүн, банк жана долбоордун консультанттары тарабынан аларды талдоолорду камтыйт.

2-бакычта – мурунку баскычта алынган маалыматтарды талдоо процессинде себилдөөчү буюмдарды жеткирүүгө келишим түзүлө турган оптималдуу чечимдерди сунуштаган компаниялар тандалып алынат.

 

Өткөрүү мөөнөтү

Катышуучулар беш жумуш күнү ичинде +996(312)550182 факс боюнча же электрондук почта аркылуу тендерге катышуу ниетин жазуу жүзүндө ырасташы керек. Катышуучулар тарабынан сунуштар чапталган конвертте төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: 720016, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Ч.Айтматов проспекти, 303 (СЭЗ «Бишкек»).

Катышуучулар төмөнкүлөрдү камсыз кылышы керек:

-   уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн коомдун уставынын көчүрмөсү жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде же анын аймактык органында каттоодон/кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

-   уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн акыркы үч жыл үчүн каржылык отчеттуулуктун көчүрмөсү;

-   тендердин катышуучусунун компетенттүү башкаруу органдарынын (уставына жана колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык) анын атынан ишеним катсыз чыгууга укугу бар адамды дайындоо жөнүндө чечиминин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

-   ири бүтүмдөрдү жасоодо ыйгарым укуктуу органдын мындай бүтүмдү жүргүзүү жөнүндө чечими;

-   тендердин катышуучусунун өзгөчө укук жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (лицензия; уруксат; айрым иштерди аткарууга уруксат берүү жөнүндө күбөлүк ж.б.);

-   акыркы отчеттук мезгил үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна салыктар жана төлөмдөр боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат (юридикалык жак жана жеке ишкер үчүн);

-   компаниянын КРнын рыногундагы тажрыйбасын көрсөткөн кыскача резюме;

-   компаниянын кардарларынын оң пикири (эгерде бар болсо).

 

Кыргыз Республикасына вендорду жеткирүүнүн расмий каналын милдеттүү түрдө колдонушу керек жана муну ырастаган документти конвертке салып берүү керек (мисалы, MAF (MANUFACTURER'S AUTHORIZATION FORM))

Катышуучулардан сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 2023-жылдын 15-ноябры, саат 16:00гө чейин.

 

 

 Байланышуу маалыматы

Бул тендерди өткөрүү жана ошондой эле берилүүчү функционалдык жана техникалык талаптар боюнча тартипке байланыштуу бардык суроолор боюнча кошумча маалымат алуу зарылдыгы келип чыккан учурда төмөнкү электрондук дарек боюнча МТ бөлүмүнүн адистерине кайрылыңыз:

 [email protected] , [email protected]  или по телефонам +(996)312-554780,

+(996)312-554775

 

Купуялуулук

Тендерге катышуу боюнча бул чакыруу сатып алынуучу жабдууларга жана себилдөөчү буюмдарга, ошондой эле башка материалдарга карата функционалдык жана техникалык талаптардын тиркелген сыпаттамасы катуу купуялуу болуп саналат жана Сиздин коммерциялык сунушуңузду даярдоого түздөн-түз катышпаган үчүнчү жактарга кандайдыр бир формада берилбеши керек.

Мындан тышкары, Банктын жабдууларды жана себилдөөчү буюмдарды тандоого карата ниети тууралуу ар түрдүү үчүнчү жактарга кандайдыр бир жол менен билдирүүгө, ошондой эле бул долбоорго байланыштуу Банк тарабынан берилген ар кандай маалыматты жайылтууга тыюу салынат. Көрсөтүлгөн маалымат ал даярдалып жана Банкка өткөрүлүп берилгенде катуу купуялуу болууга тийиш, бирок мындан ары Банк берилген маалыматты колдонууга жана өз каалоосу боюнча көз карандысыз консультанттарга же бул дайындар жөнүндө Сизге эскертпестен башка жактарга таратуу укугун өзүнө калтырат.

 

№1 тиркеме

Жабдуулардын спецификациясы

 

№1 лот – Cisco 900 Series төрт роутери жана Cisco 8200 Series эки роутери

 

Өндүрүүчү

Код

Продукт

Саны

Cisco 900 Series

1.0

Cisco

C921-4P

Cisco 900 Series Integrated Services Routers

4

1.1

Cisco

SL-900-IPB

IP Base License for Cisco ISR 900

4

1.2

Cisco

SL-900-SEC

Security License for Cisco ISR 900

4

1.3

Cisco

SL-900-APP

AppX License for Cisco ISR 900

4

1.4

Cisco

GREEN-OPTION

Eco-friendly - Ship router with only Power cables only

4

1.5

Cisco

CAB-C13-C14-2M

Power Cord Jumper, C13-C14 Connectors, 2 Meter Length

4

1.6

Cisco

ACS-900-RM-19

19 inch Rackmount Kit for ISR 900 Series Routers

4

1.7

Cisco

SC900UK9-15903M

Cisco ISR900  UNIVERSAL

4

1.8

Cisco

CON-3SNT-C9214P

3YR SNTC 8X5XNBD Cisco 900 Series Integrated Services Rou

4

 

 

 

 

 

Cisco 8200 Series

2.0

Cisco

C8200-1N-4T

Cisco Catalyst C8200-1N-4T Router

2

2.1

Cisco

MEM-C8200-8GB

Cisco Catalyst 8200 Edge 8GB memory

2

2.2

Cisco

M2USB-16G

Cisco Catalyst 8000 Edge M.2 USB 16GB

2

2.3

Cisco

CAB-C13-C14-2M

Power Cord Jumper, C13-C14 Connectors, 2 Meter Length

2

2.4

Cisco

C-RFID-1R

Cisco Catalyst 8000 Edge RFID - 1RU

2

2.5

Cisco

C8200-RM-19-1R

Cisco Catalyst 8200 Rack mount kit - 19" 1R

2

2.6

Cisco

NETWORK-PNP-LIC

Network Plug-n-Play Connect for zero-touch device deployment

2

2.7

Cisco

C8200-NIM-BLANK

Cisco Catalyst 8200 Edge NIM Blank

2

2.8

Cisco

C8200-PIM-BLANK

Cisco Catalyst 8200 Edge PIM Blank

2

2.9

Cisco

TE-R-SW

TE agent for IOSXE on Enterprise Routing

2

2.10

Cisco

IOSXE-AUTO-MODE

IOS XE Autonomous boot up mode for Unified image

2

2.11

Cisco

SC8KBEUK9-1711

UNIVERSAL

2

2.12

Cisco

GLC-TE

1000BASE-T SFP transceiver module for Category 5 copper wire

4

2.13

Cisco

CON-SNT-C82001N4

SNTC-8X5XNBD Cisco Catalyst C8200

2

 

 

 

 

 

3.0

Cisco

L-DNA-C8200

Cisco DNA Subscription for Catalyst 8200 Series

2

3.1

Cisco

C82-1N-4T-PF

C8200-1N-4T Platform Selection for DNA Subscription

2

3.2

Cisco

IOSXE-AUTO-MODE-PF

IOS XE Autonomous boot up mode for Unified image

2

3.3

Cisco

C8000-HSEC-DNA

U.S. Export Restriction Compliance license for C8000 series

2

3.4

Cisco

DNA-P-T1-E-3Y

Cisco DNA Essentials On-Prem Lic 3Y - upto 200M (Aggr, 400M)

2

3.5

Cisco

SVS-PDNA-ESS

Embedded Support for SW - Tiered  DNA Essentials On-Prem

2

3.6

Cisco

NWSTACK-T1-E

Cisco Network Essentials Stack - upto 200M (Aggr, 400M)

2

3.7

Cisco

DSTACK-T1-E

Cisco DNA Essentials Stack - upto 200M (Aggr, 400M)

2

3.8

Cisco

SDWAN-UMB-ESS

Cisco Umbrella for DNA Essentials

2

3.9

Cisco

DNAC-ONPREM-PF

Cisco DNA Center On Prem Deployment Option for WAN

2

Бардык өнүмдөр сатуучунун расмий каналы аркылуу болушу керек.

Катышуучулардын сунуштарында сөзсүз түрдө ар бир лот боюнча жеткирүү мөөнөтү көрсөтүлүшү керек.

Жабдуучу менен келишим түзүлгөн учурда ал Сатып алуучуга электрондук эсеп-фактураны берүүгө милдеттенет.

Все тендеры

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию