Бүгүнкү күндө аялдар өз бизнесин ийгиликтүү түзүп, өнүктүрүп, ишмердүүлүктүн жаңы багыттарын ачып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келишет. Ошол эле учурда жаңы идеяларды ишке ашыруу же иштеп жаткан бизнести кеңейтүү үчүн кошумча каржылоо зарылчылыгы көп учурда келип чыгат.
«Ишкер Айым» кредити аялдардын ишкердигин колдоо максатында атайын иштелип чыккан. Каржылоо жеке ишкер аялдарга, ошондой эле аялдар негизги менчик ээси болуп саналган же эмгек жамаатынын басымдуу бөлүгүн аялдар түзгөн юридикалык жактарга берилет. Кредиттик арызды кароо учурунда экологиялык жана социалдык талаптардын сакталышы, ошондой эле салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын жоктугу да эске алынат.
«Ишкер Айым» кредити — бул бизнести өнүктүрүүгө, жаңы долбоорлорду ишке ашырууга жана алдыга коюлган максаттарга жетүүгө багытталган ишенимдүү каржылык колдоо.

Кредиттөө шарттары
| Параметрлер | Шарттар |
|---|---|
| Карыз алуучунун статусу | Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар |
| Кредиттин суммасы | 50 000 000 KGS чейин |
| Пайыздык чен | Жылдык 8 % |
| Кредиттин мөөнөтү | 3 айдан 60 айга чейин |
| Кредиттин валютасы | KGS |
| Кирешеге карата талаптар | Бизнестин иштеп жаткан мөөнөтү – кеминде 6 ай |
| Кирешеге карата талаптар | Аялдардын каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана аялдардын демилгелерин колдоого багытталган бизнести өнүктүрүү үчүн. |
| Төлөө графиги | Аннуитеттик төлөм же жеке график боюнча |
| Кредиттик камсыздоо | 500 000 сомго чейин (кошо алганда) – кыймылдуу же кыймылсыз мүлк. 500 000 сомдон жогору – кыймылсыз мүлк жана зарыл болгон учурда кыймылдуу мүлк, жүгүртүүдөгү товарлар. Милдеттүү кепилдик: • юридикалык жакка кредит берилген учурда – юридикалык жактын уюштуруучулары; • бизнестеги тең ээлери/өнөктөштөрү (эгер бар болсо). |
| Кошумча шарттар | Кредиттер ESG комитети тарабынан кошумча жактырылат жана төмөнкү учурларда берилет: • аял жеке ишкерлерге; • аялдардын катышуу үлүшү кеминде 51% түзгөн юридикалык жактарга; • кызматкерлеринин кеминде 51% аялдар болгон юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге; • экологиялык жана социалдык талаптар сакталган учурда; • салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздары жок болгон учурда. |
| Кредитти берүү ыкмасы | Банктагы эсептешүү эсебине которуу аркылуу, банкта эсеп ачпастан касса аркылуу берүү же келишимдер боюнча төлөм жүргүзүү үчүн көрсөтүлгөн реквизиттерге которуу жолу менен. |
Способы погашения кредита
Узнайте о всех способах погашения кредита. Легко и Удобно!
Эсептөө алдын ала болуп саналат. Толук маалымат алуу үчүн Банктын кредиттик адисине кайрылыңыз.