Заманбап бизнес туруктуу өнүгүүгө көмөктөшкөн, пайдалануу чыгымдарын азайткан экологиялык жана экономикалык жактан натыйжалуу чечимдерди ишке киргизүүгө умтулат. «Бизнес үчүн ЭКО-унаа» кредиттик өнүмү коммерциялык ишмердүүлүктө колдонулуучу электр унааларын сатып алууну каржылоо үчүн иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын «жашыл экономикасынын» принциптерине жана Жашыл таксономиясына ылайык келет.
Каржылоо күйүүчү майга жана техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдарды кыскартууга, парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтууга жана бизнестин экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүндүк берген электр унааларын сатып алууга берилет. Электр транспортун колдонуу туруктуу транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана ишкердик ишмердүүлүккө заманбап экологиялык технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзөт.

| Параметрлер | Шарттар |
|---|---|
| Карыз алуучунун статусу | Патент же жеке ишкердин күбөлүгү менен иштеген жеке ишкерлер, юридикалык жактар |
| Кирешеге коюлуучу талаптар | Ишкердик ишмердүүлүгүн жүргүзүү мөөнөтү – кеминде 6 ай |
| Кредиттин суммасы | 50 000 000 сомго чейин |
| Кредиттин мөөнөтү | 3 айдан 60 айга чейин |
| Пайыздык чен | Жылдык 8% |
| Кредиттин валютасы | Кыргыз сому (KGS) |
| Кредиттин максаты | Коммерциялык максатта пайдалануу үчүн электр унаасын сатып алуу |
| Автотранспортка коюлуучу талаптар | Чыгарылган жылы 7 жылдан ашпаган болушу керек |
| Кардардын жаш курагы | 21 жаштан 65 жашка чейин |
| Төлөө графиги | Аннуитеттик төлөм же жекече график |
| Кредит боюнча камсыздоо | • Өздүк салымы 30% жана андан жогору болсо – сатып алынуучу автоунаа күрөөгө коюлат. • Өздүк салымы 30%дан аз болсо – сатып алынуучу автоунаа жана кошумча камсыздоо катары кыймылсыз мүлк же транспорт каражаты күрөөгө коюлат. |
| Кредитти берүү тартиби | Банктын эсептешүү эсебине которуу аркылуу, банктык эсеп ачпастан Банктын кассасы аркылуу же келишимдер боюнча төлөм жүргүзүү үчүн көрсөтүлгөн реквизиттерге которуу жолу менен. |
| Мониторинг | • Кредиттик өтүнмөлөр кошумча түрдө ESG комитети тарабынан каралып, жактырылат. • Сатып алынуучу автотранспорт кредиттик келишимдин бүткүл мөөнөтүндө карыз алуучунун эсебинен жыл сайын КАСКО келишими боюнча милдеттүү түрдө камсыздандырылышы керек. |
| Кошумча шарттар | • Кредиттик өтүнмөлөр кошумча түрдө ESG комитети тарабынан каралып, жактырылат. • Сатып алынуучу автотранспорт кредиттик келишимдин бүткүл мөөнөтүндө карыз алуучунун эсебинен жыл сайын КАСКО келишими боюнча милдеттүү түрдө камсыздандырылышы керек. |
| Эскертүү | Кредит карыз алуучу сатып алынган автоунааны өзүнүн атына каттатып, аны күрөөгө бергенден кийин гана берилет. Ошол эле учурда Банк сатуучуга автоунаа кайра катталып, күрөөгө коюлгандан кийин кредиттик каражаттар берилерин тастыктаган кепилдик катын берет. |
Эсептөө алдын ала болуп саналат. Толук маалымат алуу үчүн Банктын кредиттик адисине кайрылыңыз.
Способы погашения кредита
Узнайте о всех способах погашения кредита. Легко и Удобно!