• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Жабдууларды сатып алууга тендерге катышууга чакыруу

09 август, 2023-жыл

09.08.2023-ж.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Сиздин назарыңыздарга программалык камсыздоону сатып алуу боюнча тендерге катышуу чакыруусун сунуштайбыз.

 

Жалпы маалымат

«Азия банкы» ЖАК Сиздин компанияны программалык камсыздоону сатып алуу боюнча тендерге катышууга чакырат.

Себилдөөчү буюмдардын спецификациясы № 1 тиркемеде көрсөтүлөт.

 

Тендердин шарттары жана өз ара аракеттенүү тартиби

Тендер эки баскычтан турат деп болжолдонууда.

1-баскычта - ушул чакыруунун шилтемелерин, тендерге катышуу ниетин жазуу жүзүндөгү ырастоолорду чогултууну, жеткирүүчү-компаниялардын сунуштарынын баштапкы талдоолорун жана сунушка карата жазуу жүзүндөгү пикирлерди топтоолор, нарктык маалыматты жана жүзөгө ашырылуучу иштердин болжолдонгон мөөнөтүн, банк жана долбоордун консультанттары тарабынан аларды талдоолорду камтыйт.

2-бакычта – мурунку баскычта алынган маалыматтарды талдоо процессинде себилдөөчү буюмдарды жеткирүүгө келишим түзүлө турган оптималдуу чечимдерди сунуштаган компаниялар тандалып алынат.

 

Өткөрүү мөөнөтү

Катышуучулар беш жумуш күнү ичинде +996(312)550182 факс боюнча же электрондук почта аркылуу тендерге катышуу ниетин жазуу жүзүндө ырасташы керек. Катышуучулар тарабынан сунуштар чапталган конвертте төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: 720016, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Ч.Айтматов проспекти, 303 (СЭЗ «Бишкек»). Катышуучулар салык карыздарынын жокутугу жөнүндө салык органынан маалымкатты жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу жөнүндө социалдык фонддун органынан маалымкат берүүгө милдеттүү. Кыргыз Республикасына вендорду жеткирүүнүн расмий каналын милдеттүү түрдө колдонушу керек жана муну ырастаган документти конвертке салып берүү керек (мисалы, MAF (MANUFACTURER'S AUTHORIZATION FORM))

Катышуучулардан сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 2023-жылдын  24-августу, саат 16:00гө чейин.

 

Байланышуу маалыматы

Бул тендерди өткөрүү жана ошондой эле берилүүчү функционалдык жана техникалык талаптар боюнча тартипке байланыштуу бардык суроолор боюнча кошумча маалымат алуу зарылдыгы келип чыккан учурда төмөнкү электрондук дарек боюнча МТ бөлүмүнүн адистерине кайрылыңыз:

 [email protected] , [email protected]  или по телефонам +(996)312-554780,

+(996)312-554775

 

Купуялуулук

Тендерге катышуу боюнча бул чакыруу сатып алынуучу жабдууларга жана себилдөөчү буюмдарга, ошондой эле башка материалдарга карата функционалдык жана техникалык талаптардын тиркелген сыпаттамасы катуу купуялуу болуп саналат жана Сиздин коммерциялык сунушуңузду даярдоого түздөн-түз катышпаган үчүнчү жактарга кандайдыр бир формада берилбеши керек.

Мындан тышкары, Банктын жабдууларды жана себилдөөчү буюмдарды тандоого карата ниети тууралуу ар түрдүү үчүнчү жактарга кандайдыр бир жол менен билдирүүгө, ошондой эле бул долбоорго байланыштуу Банк тарабынан берилген ар кандай маалыматты жайылтууга тыюу салынат. Көрсөтүлгөн маалымат ал даярдалып жана Банкка өткөрүлүп берилгенде катуу купуялуу болууга тийиш, бирок мындан ары Банк берилген маалыматты колдонууга жана өз каалоосу боюнча көз карандысыз консультанттарга же бул дайындар жөнүндө Сизге эскертпестен башка жактарга таратуу укугун өзүнө калтырат.

 

№1 тиркеме

  

Жабдуулардын спецификациясы

 

№1 Лот– Программалык камсыздоо VMware vSphere (узартуу)

 

 

Вендор

Коду

Продукту

Саны

Эскертүү

1

VMware

VS8-EPL-6AK-G-SSS-C

Basic Support/Subscription for VMware vSphere 8 Enterprise Plus Acceleration Kit for 6 processors for 1 year

1

Колдонуудагы лицензияларды жаңыртуу

2

VMware

VS8-EPL-G-SSS-C

Basic Support/Subscription for VMware vSphere 8 Enterprise Plus for 1 processor for 1 year

4

Колдонуудагы лицензияларды жаңыртуу

 

 Лот №2 – Программное обеспечение VMware vSphere (новое)

 

Вендор

Коду

Продукту

Саны

Эскертүү

1

VMware

VS8-EPL-C-T1

Customer Purchasing Program T1 VMware vSphere 8 Enterprise Plus for 1 processor

8

Жаңы лицензияларды сатып алуу

2

VMware

VS8-EPL-G-SSS-C

Basic Support/Subscription for VMware vSphere 8 Enterprise Plus for 1 processor for 1 year

8

Жаңы лицензияларды сатып алуу

 

  

Лот №3 – Программное обеспечение Microsoft

 

Вендор

Коду

Продукту

Саны

Эскертүү

1

Microsoft 

DG7GMGF0M7XV-0003

SQL Server 2022 Enterprise Core - 2 Core License Pack

18

Жаңы лицензияларды сатып алуу

 

 Бардык продукттар вендордун жеткирүүнүн расмий каналы аркылуу аткарылышы керек.

 Катышуучулардын сунуштарында ар бир лот боюнча жеткирүү мөөнөтү милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү керек.

 Келишимди бекиткен учурда Жеткирүүчү Сатып алуучуга электрондук эсеп фактурасын берүүгө милдеттенет.

Все тендеры

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию