...
Азия Банкы

23 окт. 2026

Өзбекстанга которуулар убактылуу токтотулду⚙️

Урматтуу кардарлар!⚠️HUMO/Uzcard системалары аркылуу Өзбекстанга акча которууларды жөнөтүү кызматы 2026-жылдын 23-октябрынан 26-октябрына чейин убактылуу токтотулду.⚠️ Операцияларды пландоодо муну эске алууңуздарды суранабыз.⚠️ Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз!

21 окт. 2026

Маанилүү! Пландуу техникалык иштер ⚙️🔧

Урматтуу кардарлар! Пландык техникалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу Банктын кызматтары төмөнкү убакыт аралыгында убактылуу жеткиликсиз болот: 21.10.2026 — Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дөн 00:00гө чейин. ⚠️ Бул убакыт аралыгында айрым кызматтар убактылуу жеткиликсиз болушу мүмкүн.Сураныч, операцияларды пландаштырууда муну эске алыңыздар. Түшүнүүңүздөр жана колдооңуздар үчүн рахмат 💙

15 окт. 2026

«Элкарт+ — Бактыңды карма!» акциясынын I этабынын жыйынтыгы чыгарылды

«Банк Азия» «Элкарт+ — Бактыңды карма!» акциясынын биринчи этабынын жыйынтыгын чыгарып, баалуу сыйлыктарды утуп алган жеңүүчүлөрдү аныктады. Жеңүүчүлөрүбүздү куттуктайбыз! 🥇 I орун — Ниязалиева Элзат МайрамбековнаСыйлыгы: Sony PlayStation 5 оюн консолу. 🥈 II орун — Бобровский Роман ЕвгеньевичСыйлыгы: Өзбекстанга саякаттоо үчүн сертификат. 🥉 III орун — Кубанычбек уулу КаныбекСыйлыгы: Кыргызстан...

29 сент. 2026

2026-жылдын октябрь айындагы башка өлкөлөрдөгү майрамдык эс алуу күндөрү

Урматтуу кардарлар! Сиздерге 2026-жылдын октябрь айындагы майрамдык эс алуу күндөрү тууралуу маалымдайбыз: SWIFT-которууларды пландаштырууда жана жүргүзүүдө жогоруда көрсөтүлгөн маалыматты эске алууңуздарды өтүнөбүз. Тиешелүү өлкөлөрдөгү майрамдык эс алуу күндөрүнө байланыштуу которууларды иштетүү жана аткаруу мөөнөттөрү узартылышы мүмкүн.

22 сент. 2026

Кыргызстанда жашыл каржылоо идеялардан реалдуу долбоорлорго өтүүдө

«Азия Банкы» ЖАК туруктуу каржылоону өнүктүрүү багытындагы ишин улантууда. 2026-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасындагы ММЧКлар үчүн «Туруктуу каржы рыногун өнүктүрүү» долбоору боюнча Дүйнөлүк банктын Миссиясынын алкагында жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Дүйнөлүк банктын, Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC), Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын (AIIB), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү...

21 сент. 2026

«Золотая Корона» системасынын иши кайрадан жанданды

Урматтуу кардарлар! Сиздерге «Азия Банкы» ЖАКта «Золотая Корона» акча которуулар системасынын иши кайрадан жандангандыгын маалымдайбыз.

18 сент. 2026

«Золотая Корона» системасынын иштөөсүнүн убактылуу токтотулушу

Урматтуу кардарлар! Сиздерге маалымдайбыз, 2026-жылдын 18-сентябрынан саат 12:00дөн тартып «Золотая Корона» акча которуу системасынын «Банк Азии» ЖАКтагы иштөөсү убактылуу токтотулат.

11 сент. 2026

Банк Азия ESG принциптерин башкарууга жана өнүктүрүүгө интеграциялоону күчөтүүдө

2026-жылдын 10-сентябрында «Банк Азия» ЖАКта Директорлор кеңешинин жана Башкармалыктын мүчөлөрүнүн, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусунда «Жаңы парадигмадагы башкаруу: заманбап жетекчи үчүн ESG» аттуу башкаруучулук ESG-сессиясы болуп өттү. Сессиянын алкагында туруктуу өнүгүү жана ESG багытындагы негизги маселелер каралды:🔹 ESG принциптерин Банктын стратегиясына жана бизнес-процесстерине интеграциялоо;🔹 ESG тобокелдиктери жана алардын салттуу...

9 сент. 2026

Маанилүү! Пландуу техникалык иштер ⚙️🔧

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 10-сентябрында саат 01:00дөн 05:00гө чейин Бишкек убактысы боюнча «МПЦ» тарабынан техникалык иштер жүргүзүлөт. ⚠️ Бул убакыт аралыгында QR аркылуу операцияларды жүргүзүү убактылуу жеткиликсиз болушу мүмкүн. Сураныч, операцияларды пландаштырууда муну эске алыңыздар. Түшүнүүңүздөр жана колдооңуздар үчүн рахмат

2 сент. 2026

«Жашыл» насыянын алгачкы берилиши

2026-жылдын 28-июлунда «Азия Банкы» ЖАК «Жашыл Горизонт» компаниясына алгачкы «жашыл» насыяны берди.Насыя Дүйнөлүк банктын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин чакан жана орто бизнести туруктуу каржылоону өнүктүрүү боюнча программасынын алкагында берилди. Программа Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын колдоосу менен ишке ашырылууда.«Азия Банкы» бул программанын алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын биринчи коммерциялык...

2 сент. 2026

2026-жылдын сентябрь айындагы башка өлкөлөрдөгү майрамдык эс алуу күндөрү

Урматтуу кардарлар!2026-жылдын сентябрь айында башка өлкөлөрдө белгиленүүчү майрамдык эс алуу күндөрү тууралуу маалымдайбыз: SWIFT-которууларды пландаштырууда жана жүргүзүүдө жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды эске алууну суранабыз.

28 авг. 2026

Кербен жана Ала-Букада иштебеген күн

Урматтуу кардарлар! «Банк Азии» ЖАК маалымдайт: техникалык себептерге байланыштуу Кербен жана Ала-Букада сактык кассалар 29-августта иштебейт.