• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Илимдеги кыздар» долбоорунун катышуучулары үчүн ачык эшиктер күнү.

4 June 2021

3-4-июнь күндөрү «Илимдеги кыздар» долбоорунун катышуучулары үчүн ачык эшик күндөрү болду. Бул долбоор кыздарга өзгөчө көңүл бурууга жана алар илим, технология, инженерия жана математика жаатында кесипти түшүнүп тандай алышы үчүн керектүү билимди жана шыкты берүүгө багытталган.

Катышуучуларга банктын филиалында экскурсия жүргүзүлдү жана банктын кантип иштери ичинен көрсөтүлдү, ошондой эле финансылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрүлүп, анда банктын функциялары жана продукттары тууралуу маалымат алышты. Кыздар азыркы жашынан баштап чөнтөк акчаларын жана аманаттарын натыйжалуу пайдалануу жөнүндө ойлонуп калышты. Кыздардын көптү билүүгө аракет кылгандары, абдан кызыккандары жана дискуссияга активдүү катышканы Банктын кызматкерлерин таң калтырды.

Банктын командасы “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондуна азыркы муундун кыздарынын жаркын келечегине таасир эте турган мындай долбоордун бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүн бергени үчүн ыраазычылык билдирет, ошондой эле “Илимдеги кыздар” долбоорунун катышуучулары финансылык сабаттуулукка жана каражаттарын туура башкарууга болгон кызыгууларын мындан ары дагы дагы өркүндөтөт деп ишенет.

 

 

 

 

more news

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию